Загрузка документа…
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2025-жылдын 11-январы, № 4/3
Бала бакчалардын ата-энелер тарабынан төлөнүүчү мүчөлүк акы төлөмү жөнүндө
"Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын 28-беренесинин 6-бөлүгүндө "Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардагы тамактануу мамлекет тарабынан каржыланбайт, ата-энелер тарабынан каржыланат" деген беренесин талкуулап, Памир-Алай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын ата-энелер тарабынан төлөнүүчү мүчөлүк акы төлөмүнүн киреше бөлүгү айына 1балага 1000 сомдон белгиленсин жана чыгаша бөлүгү тамак аш азык түлүктү сатып алууга айына 1балага 1000 сомдон белгиленсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарынын жетекчилерине тапшырылсын.
3.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Памир-Алай айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Н.Айтмаматов |