Загрузка документа…
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2025-жылдын 11-январы, № 4/2
Памир-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 11575,4 миң сом калган калдык акча каражатын 2025-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
Калдык акча каражатын 2025-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Памир-Алай айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын жана айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Памир-Алай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Памир-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата 2024-жылдан пайдаланылбай калган өздүк кирешенин эсебинен 11575,4 миң сом калдык акча каражатын 2025-жылдын бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн такталган планына кошумча киргизилсин.
2.Айылдык Кенештин отурумунда талкууланган 2025-жылдын 1-январына карата 2024-жылдан пайдаланылбай калган 11575,4 мин сом (анын ичинен атайын каражат 79,0 мин сом) акча каражаты 2025-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
3.Жогорудагы бекитилген толуктоолорду өз максатында чыгымдоо жагын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Анарбаевге жана айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Н.Айтмаматов |