Загрузка документа…
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2025-жылдын 11-январы, № 4/1
Памир-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2024-жылга аткарылышы, 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2026-2027-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Памир-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 91686,9 миң сомго, анын ичинен тендештирүүчү трансферт -28014,6 мин сом, өздүк киреше-56040,8 ( анын ичинде атайын каражат–2083,5 мин сом) республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар (средства передаваемые)-5294,0 миң сом, эски жылдан өткөн калдык-7631,5 мин сом ( анын ичинде атайын каражат–2259,1 мин сом) жана чыгаша бөлүгү 80612,1 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Памир-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 72361,0 миң сомго, анын ичинен тендештирүүчү трансферт -25458,0 мин сом, өздүк киреше -46904,0 мин сомго (анын ичинде атайын каражаттар – 1381,5 мин сом) бекитилсин.
3. 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 75975,0 миң сомго, анын ичинен: тендештирүүчү трансферт 25458,0 мин сом, өздүк киреше 50517,0 мин сомго (анын ичинде атайын каражаттар- 1381,5 миң сом) долбоорунун болжолу бекитилсин.
4. 2027-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 80722,0 миң сомго анын ичинен: тендештирүүчү трансферт 25458,0 мин сом, өздүк киреше 55264,2 мин сомго (анын ичинде атайын каражаттар- 1381,5 миң сом) долбоорунун болжолу бекитилсин.
5. Памир-Алай айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.
6. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Анарбаевге милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Н.Айтмаматов |