Загрузка документа…
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
2025-жылдын 11-январы, № 4
Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын социалдык-экономикалык планынын аткарылышы жана 2025-2026-жылдарга жергиликтүү жамаатынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык коргоону программаларын бекитүү жөнүндө
Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын «Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын социалдык-экономикалык планынын аткарылышы жана 2025-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү боюнча» билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Памир-Алай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Памир-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча аткарылган иштер боюнча Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету кабыл алынсын.
2. Памир-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдарга жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык коргоонун программалары бекитилсин.
3. Памир-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө белгиленгендерди камсыз кылуу үчүн ата-мекендик, чет элдик инвестицияларды тартуу менен жамааттарды катыштыруу, жергиликтүү бюджеттин киреше булагын толтуруу, муниципалдык жерлерин конкурстук негизде берүүнү уюштуруу, кыймылсыз мүлктөрдүн так жана толук эсебин алуу боюнча иштерди аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына жана тиешелүү жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, инвестияциялар жана ишкердик кылуу маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага: |
| Н.Айтмаматов |