Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз төтүнчү сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2025-жылдын 27-марты, № 4/2
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги мүлктөрдүн ресстрин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын “Муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө анын ичинде муниципалдык менчиктин обьекттерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролду ишке ашыруу жөнүндөгү” 34-беренесинин 5-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн отурумунун 2025-жылдагы 12-мартындагы № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги мүлктөрдүн ресстри тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2.Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарына ылайык жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү мамлекеттик формага ылайык рээстр түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго тапшырылсын.
3.Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктерин толугу менен инвентаризациялоо жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы В.Маматалиевага жүктөлсүн.
4. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктерин квалификацияларга болүштүрүп жана бекитүү жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Кадыр уулу Тыныбекке милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Т.Топчубаевага жүктөлсүн.
Төрага: | А.А. Ормокеев |