Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз төтүнчү сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2025-жылдын 27-марты, № 4/3
Кара-Кулжа айыл аймагынын Кара-Кулжа айылындагы инфраструктураны жакшыртуу максатында билим берүү, саламаттык сактоо обьекттерин, дене тарбия, ден-соолукту чыңдоо комплексин жана маданый коомдук кабыл алуу борборун куруу боюнча № 10 контурунда жайгашкан мамлекеттик фондунун эсебинде турган 4.0 га сугат айдоо жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштар жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жер жөнүндөгү” кодексинин талаптарына ылайык, айыл чарба жерлерин башка категорияга которуу жөнүндөгү 20-беренесинин, 12-бөлүкчөсүн жетекчиликке алып жана айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн отурумунун 2025-жылдагы 12-мартындагы № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл аймагынын Кара-Кулжа айылындагы инфраструктураны жакшыртуу максатында Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн Кара-Кулжа айылынын №10 контурда жайгашкан мамлекеттик фондунун эсебинде турган 4.0 га сугат айдоо жер аянтын Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы № 257 Мыйзамынын 1-беренесинин 3 –бөлүмүнө ылайык билим берүү, саламаттык сактоо обьекттерин, дене тарбия, ден-соолукту чыңдоо комплексин жана маданый коомдук кабыл алуу борборун куруу боюнча “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштар жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Жер аянтын бир категориядан башка категорияга (трансформациялансын) которуу боюнча тийиштүү документтерин тариздөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.М.Баатыровго жүктөлсүн.
3.Мыйзамдуу элге ынгайлуу жерди карап, жергиликтүү тургундардын, базарда ишкерлик менен алектенген жеке ишкерлердин катушуусунда коомдук угуу өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго, айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адис Кадыр уулу Тыныбекке жана айыл өкмөтүнүн юристи К.Ибраимовго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Т.Топчубаевага, айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Аким уулу Асанга жана айылдык кенешинин жерге жайгаштыруу, жаратылышты коргоо, жер ресурстары, айыл-суу чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Пазыловго тапшырылсын.
Төрага: | А.А. Ормокеев |