Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз төтүнчү сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2025-жылдын 27-марты, № 4/4
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин аймагындагы учаскалык шайлоо комиссияларынын (УШК) курамына жана резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кара–Кулжа айылдык кенешининаймагындагы элдик жыйындардан № 5440 Миң-Өрүк участкалык шайлоо комиссиясынын, № 5008 1-Май участкалык шайлоо комиссиясынын, № 5496 Беш-Жар участкалык шайлоо комиссиясынын, № 5009 Совет учаскалык шайлоо комиссиясынын, № 5010 Кара-Кулжа участкалык шайлоо комиссиясынын, № 5011 Биймырза учаскалык шайлоо комиссиясынын жана № 5012 Сары-Камышучасткалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча келип түшкөн протоколдорду карап көрүп жана айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн отурумунун 2025-жылдагы 12 мартындагы № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап, Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара–Кулжа айылдык кенешинин аймагындагы элдик жыйындарынан көрсөтүлгөн жогорудагы протоколдук чечимдери жана айыл аймагында жайгашкан участкалык шайлоо комиссиясынын (УШК) курамына жана резервине сунуш кылынган талапкерлер бекитилсин.
2. Кара-Кулжа айылдык кенешинин чечимин бекитип берүү жагы Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Т.Топчубаевага жүктөлсүн.
Төрага: | А.А. Ормокеев |