Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз төтүнчү сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2025-жылдын 27-марты, № 4/5
Кара-Кулжа айыл аймагынын 1-Май айылында жайгашкан Жаңы-Чек көчөсүнө коомдук ишмер маркум Адаев Чормоштун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кара-Кулжа айыл аймагынын 1-Май айылында жайгашкан Жаңы-Чек көчөсүнүн тургундарынын элдик жыйынын 2025-жылдын 13- мартындагы № 2 “1-Май айылынын Жаңы-Чек көчөсүнө айылдын кадыр-барктуу аксакалы, коомдук ишмер маркум Адаев Чормоштун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл аймагынын 1-Май айылында жайгашкан Жаңы-Чек көчөсүнүн аталышы жокко чыгарылсын
2.Кара-Кулжа айыл аймагынын 1-Май айылында жайгашкан Жаңы-Чек көчөсүнүн тургундарынын элдик жыйынын 2025-жылдын 13- мартындагы № 2 “1-Май айылынын Жаңы-Чек көчөсүнө айылдын кадыр-барктуу аксакалы, коомдук ишмер, маркум Адаев Чормоштун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечими бекитилсин.
3.1-Май айылынын Жаңы-Чек көчөсүнө айылдын кадыр-барктуу аксакалы, коомдук ишмер маркум Адаев Чормоштун ысымы ыйгарылсын.
4. 1-Май айылындагы коомдук ишмер маркум Адаев Чормоштун атындагы көчөгө демөөрчүлүк көрсөтүү, жолдун шарттарын жакшыртуу жагы кыздарына жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Т.Топчубаевага жүктөлсүн.
Төрага: | А.А. Ормокеев |