Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз төтүнчү сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2025-жылдын 27-марты, № 4/6
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2012-жылдагы 16- ноябрындагы № 30 / 7 токтому мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктарына каршы келгендиктен аталган токтомду жокко чыгаруу жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2012-жылдагы 16- ноябрындагы “Кара-Кулжа айылындагы аты жок көчөгө маркум С.Чоюновдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү” № 30 / 7 токтому кабыл алынып, ысым ыйгаруу жөнүндө өткөрүлгөн элдик жыйынга ал көчөдө жашабаган тургундар макулдугу жөнүндө кол коюлгандыгы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.08.2008-жыл № 467 токтому менен бекитилген жобонун 6-7 пунктарынын талабына ылайык жүргүзүлбөгөндүгү, Биримдик көчөсүнүн расмий аталышы жокко чыгарылбай туруп, жаңыдан ысым ыйгарылгандыгы мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктарына каршы келгендиктен аталган токтомду жокко чыгаруу боюнча Кара-Кулжа районунун прокуратурасынын2025-жыл 18- мартындагы № 11 / 2-132-25 каршылык билдирүүсүнүн негизинде жана айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн отурумунун 2025-жылдагы 20- мартындагы №2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа районунун прокуратурасынын 2025-жыл 18- мартындагы № 11 / 2-132-25 каршылык билдирүүсүнүн аткарылышы жөнүндө Биримдик көчөнүн тургундарына жеринде барып элдик жыйын уюштуруп өткөрүү, комиссиянын курамында кароо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго жана айылдык кеңештин депутаттык комиссиянын курамы Альберт уулу Исхакка, Аким уулу Асанга, Пазылов Эламанга, Шаматов Ибрагимге жана Абдилкадыр уулу Биймрзага милдеттендирилсин.
2. Элдик жыйындын жана комиссиянын курамында каралгандыгы эске алып, Кара-Кулжа районунун прокуратурасынын 2025-жыл 18- мартындагы № 11 / 2-132-25 сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизинде, Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2012-жылдагы 16- ноябрындагы № 30/7 токтому мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктарына каршы келгендиктен аталган токтом жокко чыгарылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Т.Топчубаевага жүктөлсүн.
Төрага: | А.А. Ормокеев |