Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз төтүнчү сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2025-жылдын 27-марты, № 4/7
Кара-Кулжа айыл аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун, пайдалануунун эрежелерин жана аймактагы имараттардын курулмалардын фасаддарынын тышкы түрүнө карата талаптары жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20-октябрь 2021-жылдагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын “Жергиликтүү коомдоштуктардын уставдары тиешелүү коомдоштуктардын жыйындарында (чогулуштарында) же курултайында талкуулоонун жыйынтыктары боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан кабыл алынышы жөнүндөгү” 21-беренесинин 1-бөлүмчөсүнүн негизинде жана айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн отурумунун 2025-жылдагы 20-мартындагы №2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун, пайдалануунун эрежелерин жана аймактагы имараттардын курулмалардын фасаддарынын тышкы түрүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндөгү Жобо бекитилсин.
2.Кара-Кулжа айыл аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун, пайдалануунун эрежелерин жана аймактагы имараттардын курулмалардын фасаддарынын тышкы түрүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндөгү Жобону жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Т.Топчубаевага жүктөлсүн.
Төрага: | А.А. Ормокеев |