Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз төтүнчү сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2025-жылдын 27-марты, № 4/8
“Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн алдындагы агрардык машина трактордук станция жана жайыт муниципалдык ишканасын” түзүү жана уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20-октябрь 2021-жылдагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын “Жергиликтүү коомдоштуктардын уставдары тиешелүү коомдоштуктардын жыйындарында (чогулуштарында) же курултайында талкуулоонун жыйынтыктары боюнча тиешелүү жергиликтүү кенештер тарабынан кабыл алынышы жөнүндөгү” 21-беренесинин 1-бөлүмчөсүнүн негизинде жана айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн отурумунун 2025-жылдагы 12-мартындагы №1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап, Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн алдында агрардык машина трактордук станция жана жайыт муниципалдык ишканасы түзүлсүн.
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн алдындагы агрардык машина трактордук станция жана жайыт муниципалдык ишканасынын уставы бекитилсин.
3. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн алдындагы агрардык машина трактордук станция жана жайыт муниципалдык ишканасынын уставынын аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Т.Топчубаевага жүктөлсүн.
Төрага: | А.А. Ормокеев |