ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Достук айылдык кенешинин уюштуруу сессиясынын
2024-жылдын 20-февралы, №2
Бириктирилген Достук айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана орун басарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370-Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24-Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52-Токтомун жетекчиликке алуу менен бириктирилген Достук айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370-Жарлыгына ылайык «Алля Анаров», «Мангыт» айыл аймактары бириккендигине, катышкан 42 депутаттардын 37 добушуна ээ болгондугун белгилеп, бириктирилген Достук айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп Кудайбердиев Замирбек Курбанбекович шайланды деп эсептелинсин.
2. Бириктирилген Достук айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары болуп Хамидов Бахтияр Абдирахимович жана Сарыбаева Санталат Эргешовна шайлангандыгы белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| Кудайбердиев.З.К. |