ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Достук айылдык кенешинин уюштуруу сессиясынын
2024-жылдын 20-февралы, №6
“Достук айыл аймагынын айылдык кеңеши"
мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Достук айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Алля Анаров” айылдык кенеши жана Мангыт айылдык кеңеши мекемесин бириктирүү жолу менен Достук айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: "Достук айыл аймагынын айылдык кеңеши " М-и;
- Расмий тилде: "Айылный кенеш Достук айылного аймака" У-е
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: "Достук айыл аймагынын айылдык кеңеши" М-и.
- Расмий тилде: "Айылный кенеш Достук айылного аймака" У-е.
2. Достук айыл аймагынын айылдык кеңешинин мекемесинин Жобосу бекитилсин.
3. Достук айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин өткөрүп берүү актысы бекитилсин, юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Араван району, Араван айылы, Ош-3000 көчөсү № 129/1 болуп аныкталсын.
4. Юридикалык жактын уюштуруучусу - жергиликтүү кеңештин депутаттары.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага |
| Кудайбердиев.З.К. |