Редакцияот 04.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Достук айылдык кенешинин 1-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы

 

2024-жылдын 04-апрели, №3

Достук айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш-планын бекитүү жөнүндө

 

     Достук айыл аймагынын айылдык кеңешинин  туруктуу комиссиялары тарабынан айылдын социалдык-экономикалык, инфраструктуралык өнүктүрүү стратегиялык планына ылайык даярдалып, 2024-жылга иш-планын бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык кеңешинин 1-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2024-жылга түзүлгөн Достук айылдык кенешинин иш-планы бекитилсин. (тиркемеге ылайык)

2. Достук айылдык кенешинин 2024-жыл ичиндеги ишмердүүлүгү иш пландын негизинде жүргүзүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарлары С.Сарыбаева жана Б.Хамидовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Кудайбердиев.З.К.