Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Достук айылдык кенешинин 1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 08-майы, №3
“Алля Анаров Тазалык” муниципалдык ишканасын мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө
Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын 6-майындагы “Алля Анаров Тазалык” муниципалдык ишканасын фирмалык аталышын “Достук” муниципалдык ишканасы деп аталышын өзгөртүүгө жана мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоонун тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде, Достук айылдык кеңешинин 1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Алля Анаров Тазалык” ишканасынын фирмалык аталышы өзгөртүлсүн жана мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
2. “Алля Анаров Тазалык” ишканасынын фирмалык аталышы “Достук” муниципалдык ишканасы болуп өзгөртүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын;
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде: “Достук” муниципалдык ишканасы
-Официалдуу тилде: Муниципальное предприятие “Достук”
Юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде: “Достук” МИ
-Официалдуу тилде: МП “Достук”
3. “Достук” муниципалдык ишканасынын Уставы жаңы редакцияда бекитилсин.
4. Достук” муниципалдык ишканасы Ош юстиция башкармалыгынан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
5. Достук” муниципалдык ишканасын мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жагы жетекчиси Маликов Мухамметке жүктөлсүн.
Төрага |
| Кудайбердиев.З.К. |