Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Достук айылдык кенешинин 1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 08-майы, №4
Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жантак көчөсүнүн тургуну Дустова Дилфуза Гафаровнанын 2024-жылдын 16-апрель айындагы материалдык жардам сурап жазган арызын карап чыгуу жөнүндө
Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жантак көчөсүнүн тургуну Дустова Дилфуза Гафаровнанын 2024-жылдын 16-апрель айындагы материалдык жардам сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жантак көчөсүнүн тургуну Дустова Дилфуза Гафаровнанын 2024-жылдын 16-апрель айындагы материалдык жардам сурап жазган арызы канааттандырылсын.
2. Дустова Дилфуза Гафаровнанын кызы Дустова Рукияга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 10 миң сом акча каражаты даарылатууга ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун финансылык жагын чечүү айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Бнүн башчысы М.Умаровго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис М.Ганиевага жана айыл башчысына жүктөлсүн.
Төрага |
| Кудайбердиев.З.К. |