Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Достук айылдык кенешинин 1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 08-майы, №5
Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айыл аймагындагы чарбалык ички арык-каналдарды чабуу, тазалоо жана дыйкан, фермерлерге сугат сууну өз убагында жеткирүү максатында “HYUNDAY 140 колесные” үлгүсүндөгү экскаватор техникасын алуу жөнүндө
Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айыл аймагындагы чарбалык ички арык-каналдарды чабуу, тазалоо жана дыйкан, фермерлерге сугат сууну өз убагында жеткирүү максатында “HYUNDAY 140 колесные” үлгүсүндөгү экскаватор техникасын алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө №123 мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, айыл өкмөтүнүн сураныч катын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып Достук айыл аймагынын айылдык кеңешинин 1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Достук айыл аймагындагы чарбалык ички арык-каналдарды чабуу, тазалоо жана дыйкан, фермерлерге сугат сууну өз убагында жеткирүү максатында “HYUNDAY 140 колесные” үлгүсүндөгү экскаватор техникасын Ош облусунун өнүктүрүү фондунан сатып алуу жагы суралсын.
2. Араван районунун мамлекеттик администрациясынан жана Кыргыз Республикасынын Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнөн бул долбоорду ишке ашыруу жагы суралсын жана айыл өкмөтү тарабынан 2023-жылы эң мыкты айыл өкмөтү наамын алганга берилгшен 3000 000 (үч миллион) акча кошумча каражат ажыратылсын.
3. Алынган техника Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймактагы дыйкан, фермерлерге сугат сууну өз убагында камсыз кылуу үчүн ички арык-каналдарды, дренаждарды чабып, тазалоо иштери менен кызмат көрсөтүү үчүн “Достук” муниципалдык ишканасынын карамагына өткөрүлүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага |
| Кудайбердиев.З.К. |