Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Достук айылдык кенешинин 1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 08-майы, №7
Достук айыл аймагынын аймагындагы ирригациялык курулуштарды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык» Достук айыл өкмөтүнө ирригациялык курулуштарды муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө “Сохил” СПАнын, “Төлөйкөн” СПАнын жана “Ак-Дарыя Гидро” СПАнын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечимине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сохил” СПАнын, “Төлөйкөн” СПАнын жана “Ак-Дарыя Гидро” СПАнын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун ирригациялык объектилерди муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө өтүнүчү канааттандырылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы М.Н Кадиров:
1) “Сохил”, “Төлөйкөн” жана “Ак-Дарыя Гидро” суу пайдалануучулар ассоциациялары менен биргеликте ирригациялык курулуштар түрүндөгү мүлктү муниципалдык менчикке кабыл алуу актысы түзүү;
2) Сохил”, “Төлөйкөн” жана “Ак-Дарыя Гидро” суу пайдалануучулар ассоциациялары менен ирригациялык курулуштарды өткөрүү актыларын түзүүгө, аны мамлекеттик нотариус тарабынан күбөлөндүрүүгө жана мамлекеттик каттоо кызматында каттоодон өткөрүүнү жүргүзүү;
3) Ирригациялык курулуштарды муниципалдык менчиктин реестрине киргизүү сунушталсын.
1. Ушул Достук айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 8-майындагы № 7 токтому Ош облустук юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Төрага |
| Кудайбердиев.З.К. |