Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Достук айылдык кенешинин 1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 08-майы, №9
Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айыл аймагындагы таштандыларды өз убагында ташып чыгуу максатында “SHACHMAN” үлгүсүндөгү таштанды ташуучу техникасын алуу жөнундө
Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айыл аймагындагы таштандыларды өз убагында ташып чыгуу максатында “SHACHMAN” үлгүсүндөгү таштанды ташуучу техникасын алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө №123 мыйзамынын 34-беренесиинин негизинде Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сураныч катын карап чыгып депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып Достук айыл аймагынын айылдык кеңешинин 1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айыл аймагындагы таштандыларды өз убагында ташып чыгуу максатында “SHACHMAN” үлгүсүндөгү таштанды ташуучу техникасы Ош облусунун өнүктүрүү фондунан сатып алуу жагы суралсын.
2. Араван районунун мамлекеттик администрациясынан жана Кыргыз Республикасынын Ош облусу боюнча ый гарым укуктуу өкүлүнөн бул долбоорду ишке ашыруу жагы суралсын жана айыл өкмөтү тарабынан жетпей калган сумманы толуктоо үчүн кошумча каражат ажыратылсын.
3. Алынган техника Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймактагы таштандыларды ташып чыгаруу үчүн пайдаланууга “Достук” муниципалдык ишканасынын карамагына өткөрүлүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы А.Абдуллаевага жүктөлсүн.
Төрага |
| Кудайбердиев.З.К. |