Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Достук айылдык кенешинин 1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 08-майы, №11
Мангыт айыл өкмөтүнүн АТРден кийин бош калган имаратын, Мангыт айылынын элинин сунуш жана талаптарын эске алып, 60 орунду балдар бакчасын ачууга, ремонттого жана керектүү эмеректерин сатып алууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрь айындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” 370-Жарлыгынын негизинде, эки айыл өкмөт биригип Достук айыл аймагынын айыл өкмөтү аталып, Мангыт айыл өкмөтүнүн АТРден кийин бош калган имаратын, Мангыт айылынын элинин сунуш жана талаптарын эске алып, 60 орундуу балдар бакчасын ачууга, ремонттоого жана керектүү эмеректерин сатып алууга акча каражатын ажыратып берүүнү талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мангыт айыл өкмөтүнүн АТРден кийин бош калган имаратына, Мангыт айылынын элинин сунуш жана талаптарын эске алып 60 орундуу балдар бакчасы ачылсын, имаратты ремонттоого жана керектүү эмеректерин сатып алууга акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун финансылык жагын чечүү айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Бнүн башчысы М.Умаровго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Финансы, бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Кудайбердиев.З.К. |