Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Достук айылдык кенешинин 1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 08-майы, №14
Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Мангыт айылынын тургундарынын кайрылуу катын карап чыгуу жөнүндө
Достук айыл аймагынын Мангыт айылынын тургундарынын, кичи футбол аянтчасын куруу үчүн 500 миң сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинен карап берүү үчүн жазган кайрылуу катын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык кеңешинин 1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Достук айыл аймагынын Мангыт айылынын тургундарынын кайрылуу каты канааттандырылсын.
2.Мангыт айылында курулуп жаткан мини футбол аянтчасына 500 миң сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун финансылык жагын чечүү айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Бнүн башчысы М.Умаровго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Кудайбердиев.З.К. |