Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII отуруму
2024-жылдын 31-июлу, № 7/14
Айыл өкмөттүн Осоавиахим айылына ат майдан куруу жөнүндө
Осоавиахим айылынын айыл башчысы С.Аскарбековдун Бекбото уулу Калдыбай атындагы ат майданды куруу тууралуу айыл тургундары менен биргеликте өткөрүлгөн протолун жана билдирүүсүн угуп, талкуулап Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Осоавиахим айылына Бекбото уулу Калдыбай атындагы ат майданды куруу үчүн 3,5 га жер тилкеси бөлүнүп берилип, ат майдан курулсун.
2.Ат майданды куруп, аны документтештирүү жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Танаев |