Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII отуруму
2024-жылдын 31-июлу, № 7/15
Айыл өкмөттүн Жошолу жана Корул аймактарына жайлоого кеч кетип, эрте келген малдарды камоо үчүн тосмо (навес) куруу жөнүндө
Осоавиахим айылынын айыл башчысы С.Аскарбековдун жайлоого кеч кетип, эрте келген малдарды камоо үчүн тосмо (навес) куруу тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIIзаседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайлоого кеч кетип, эрте келген малдарды элдин чөбүн, эгинин жедирбей камоо үчүн Жошолу аймагынын Осоавиахим жана Коммунизм айылдарынан ар бирине 0,15га жана Корул аймагынын Биринчи май жана Кең-Жылга айылдарынын Олжоке участкасынан ар бирине 0,15га жер тилкеси бөлүнүп берилип, тосмо (навес) курулсун.
2.Калктын эгинин, чөп чабынды жерин сактоо максатында курула турган мал камоочу тосмону куруп, аны документтештирүү жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Танаев |