Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 9- сессиясы
2024-жылдын 12-сентябры, № 9/1
Гүлчө айылынын тургундарын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылы менен чектеш жеринен жогору Аюу-Тапан айылынын “Айгыр-Булак” участкасына чейинки узундугу 32,0 км болгон жерине таза суу түтүктөрүн тартууга жана ошол түтүктөрдөгү сууну топтоочу Каптажды курууга жер бөлүп берүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн Аюу-Тапан айылындагы “Айгыр-Булак” участкасынан Гүлчө айыл өкмөтүнө таза суу алып өтүү үчүн Каптаж курууга жер бөлүп берүү тууралуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 11-июнундагы № 01-18/232 сандуу каты тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Аюу-Тапан айылындагы “Айгыр-Булак” участкасынан Гүлчө айыл өкмөтүнө таза суу алып өтүү тууралуу долбоордо көрсөтүлгөндөй суунун ылдамдыгын басаңдатуу үчүн Айгыр –Булак участкасынын булак чыккан жеринен 6 сотых жер аянты чектелип берилсин.
2. Каптаж курууга коомдук жолдорго, булактын көзүнө, жол бойлорунда жайгашкан жеке жарандардын жерлерине, үлүш жерлерге, зыяны тийбей тургандай, жарандардын кызыкчылыктарына тоскоолдук жаратпай тургандай участкалардан бөлүнүп берилсин.
3.Жол четинде система алып өтө турган жерлердеги менчик тосмолор эгерде жол четине жакын болсо ээлери менен макулдашуу аркылуу бошотулуп берилсин жана жол четине жакын жайгашкан жеке жарандардын ар бирине тосмолорун кароо , иш жүрүп жаткан мезгилде тоскоолдук жаратпоосун, мыйзамсыз тосуп алган жол бойлорун иретке келтирүү тууралуу алдын ала эскертүү менен иш жүргүзүү ар бир айылдын айыл башчысына милдеттендирилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн Таза Суу системасынын линиясы мурунку эски таза суу системасына тоскоолдук кылбай тургандай абалда алып өтүлсүн,траншея казып, труба жаткырылган мезгилде жеке үйлөргө кирген система жараксыз абалга келсе калыбына келтирип берүү жана казып өтүп кеткенден кийин жол четиндеги үйүлгөн топурактарды өз калыбына келгендей абалга келтирүү,мектептердин, бала бакчалардын алдыларында бузулган жолдорду тегиздөө Гүлчө айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин. 5. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге, ал эми көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик, жер маселеси , агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана жеке өз көзөмөлүмө калтырамын.
Төрага: | А.Танаев |