Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы
2024-жылдын 12-сентябры, № 9/2
Айгыр-Булак участкасынан Гүлчө айылынын тургундарына берилген ичүүчү таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн Аюу-Тапан айылындагы “Айгыр-Булак” участкасынан Гүлчө айыл өкмөтүнө алынып өтүлгөн таза суунун тарифин бекитүү максатында Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн Аюу-Тапан айылындагы “Айгыр-Булак” участкасынан Гүлчө айыл өкмөтүнө алынып өтүлгөн таза сууну абоненттерге толук жеткирүү, аларга суу эсептегичтерди толук коюп, ишке киргизүүгө 1(бир) жыл убакыт берилсин жана ошол белгиленген убакыт өткөндөн кийин таза суу киргизип, таза суунун сыйымдуулугуна жараша тарифин бекиткенден кийин, ошол тариф аркылуу ар бир абоненттен түшкөн акча каражатынын 10 % пайызы Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине которулуп берилсин.
2. Жогорудагы белгиленген сумманы өз учурунда, кечиктирбестен которуп берүү жоопкечилиги Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге, ал эми көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана жеке өз көзөмөлүмө калтырамын.
Төрага: | А.Танаев |