Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы
2024-жылдын 12-сентябры, № 9/4
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кулуну, жеке ишкер Жээнбаев Осконбай Сатыбаевичке «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылынын кулуну, жеке ишкер Жээнбаев Осконбай Сатыбаевичке «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө Тогуз-Булак айылынын 2024-жылдын 02- сентябрындагы элдик жыйынынын № 02 протоколунун негизинде Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Булак айылынын 2024-жылдын 02- сентябрындагы элдик жыйынынын № 02 протоколунун, айылдык Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылынын инфраструктурасын көтөрүүгө кошкон зор салымы айылга жаштар үчүн спорткомплексин куруп пайдаланууга бергендиги үчүн Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кулуну, жеке ишкер Жээнбаев Осконбай Сатыбаевичке Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамы берилсин. ( 02.09.2024-ж. Тогуз-Булак айылынын элдик жыйынынын № 02 протоколу тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңешинин жамааттар жана граждандык коом менен иштөө, эмгек тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Танаев |