Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы
2024-жылдын 12-сентябры, № 9/5
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кулуну, жеке ишкер Закиров Самарбек Жанышевичке «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылынын кулуну, жеке ишкер Закиров Самарбек Жанышевичке «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө Тогуз-Булак айылынын 2024-жылдын 02-сентябрындагы элдик жыйынынын № 02 протоколунун негизинде Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Булак айылынын 2024-жылдын 02-сентябрындагы элдик жыйынынын № 02 протоколунун, айылдык Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылынын инфраструктурасын көтөрүүгө, аталган айылдагы № 29 К.Тайчабаров атындагы орто мектебинин материалдык-техникалык базасын чыңдоого кошкон салымы жана мектептин алдына спорткомплексин куруп пайдаланууга бергендиги үчүн айыл аймагынын кулуну, жеке ишкер Закиров Самарбек Жанышовичке Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу » наамы берилсин. ( 02.09.2024-ж. Тогуз-Булак айылынын элдик жыйынынын № 02 протоколу тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңешинин жамааттар жана граждандык коом менен иштөө, эмгек тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Танаев |