Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы
2024-жылдын 12-сентябры, № 9/6
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү мамлекеттик фондудагы жерлердин келишимдерин бузуп, кайрадан кароо жөнүндө
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү мамлекеттик фондудагы жерлердин келишимдердин бузуп, кайрадан кароо тууралуу айылдык кеңештин төрагасы А.Танаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жер кодексининин 7-статьясынын 4-5-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык иштелип чыккан, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу жобонун 3-бөлүгүнүн 21-пунктуна негиздеп, Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү мамлекеттик фондудагы жерлердин буга чейин мыйзамсыз иштетип келген келишимдерин бузулсун жана ал жерлерди кайрадан карап, айыл өкмөттүн алдында комиссия курамы түзүлүп, аукцион аркылуу калкка кайрадан берүү жагы каралсын.
2. Түзүлгөн комиссиянын курамы мамлекеттик фондудагы жерлерди берүүдө «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу жобонун» 4-бөлүгүнүн 69-пунктуна ылайык
айыл аймагындагы аз камсыз, колунда жокторго, жетим, жарым жетимдерге, майыптарга, үлүш жери жок чыныгы муктаждарга биринчи кезекте жерди берип, андан калганын гана башка категориядагы жарандарга берүүнү камсыздашсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге жана айылдык агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Танаев |