Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 1/1
Тилектеш айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Тилектеш айылдык кеңешинин эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Тилектеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 28-ноябрындагы №3-протоколу бекитилсин.
2. Төрөшев Каныбек Сабирович айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: | А.Аттокурова |