Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 1/3
«Кезектеги III Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы «Кезектеги III Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» ПЖ № 281 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча маалыматты талкуулап, Кезектеги III Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жана жумушчу топтун курамын түзүү, алгылыктуу жумуш алып баруу максатындаТилектеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы «Кезектеги III Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» ПЖ № 281 Жарлыгына ылайык Кезектеги III Элдик курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча жумушчу топтордун курамы төмөнкүлөрдөн түзүлсүн (№1 тиркеме).
1. Кезектеги III Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлүүчү жыйындардын графиги, өтүлүүчү жайлар, жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны жана тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери, жыйындарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси бекитилсин (№2 тиркеме).
2. Өкүлчүлүктүү жыйындын Элдик Курултайдын делегаттарынын тизмелерин шайлоо тууралуу протоколдорду жана толтурулган анкеталарды уюштуруу комитетине 2024-жылдын 7-декабрга чейин тапшыруу жумушчу комиссияга жүктөлсүн.
3. Жумушчу топтун курамына Кезектеги III Элдик курултайга делегаттарды шайлоону уюштурууга ар тараптан көмөк көрсөтүү милдеттендирилсин.
4. Кезектеги III Элдик курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча чаралардын көрүлүшү тууралуу жана алардын келип чыккан укуктук маселелерди жөнгө салууга байланышкан маалыматтарды убагында берип туруу жооптуу катчы Б.Болушовага жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмдө калтырамын.
Төрага: | К.Төрөшев |