Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №3
Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 8-февралындагы 26-сессиясынын кезектеги отурумунун № 7-токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Куловдун 2025-жылдын 12-февралындагы № 01-34/155 чыгыш сандуу Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 8-февралындагы 26-сессиясынын кезектеги отурумунун № 7-токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 4-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 8-февралындагы 26-сессиясынын кезектеги отурумунун № 7-токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.
2.Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 8-февралындагы 26-сессиясынын кезектеги отурумунун № 7-токтому 4-пункт менен толукталсын тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291-токтому менен бекитилген Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобонун пункттарына ылайык мыйзамсыз турак жайларды мыйзамдаштырууда ар бир турак жайдын аянтты 1500м2 болуп калтырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү, жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
С.Мойдунов |