Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №4
Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаты А.Жусуповдун, Ж.Эрмекбаеванын жана А.Абдыракмановдун сунуштарын кароо жөнүндө
Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаты А.Жусуповдун, Ж.Эрмекбаеванын жана А.Абдыракмановдун сунуштарын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 4-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаты А.Жусуповдун, Ж.Эрмекбаеванын жана А.Абдыракмановдун сунуштарына ылайык айыл өкмөттүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттардын эсебинен төмөнкү маселелерге жалпы 1 850 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин
-И.Маматмусаев балдар бакчасына кошумча корпус курууга 1 000 000 сом
-Алтын-Дара балдар бакчасынын фасадын оңдоого 300 000 сом
-З.Каримбеков орто мектебинин эшиктерин алмаштырууга 300 000 сом
-Н.Нуридинов балдар бакчасына керектелүүчү жабдыктарга 250 000 сом
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |