Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №5
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Туздун-Сайы участкасындагы № 1293 контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебиндеги 3,0 га жер аянтын “Өнөр жайынын, танспорттун,байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмотүнө караштуу Туздун-Сайы участкасындагы № 1293 контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебиндеги 3,0 га жер аянтын “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 4-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Туздун-Сайы участкасындагы № 1293 контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебиндеги 3,0 га жер аянтын “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык тактап иш алып баруу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Б.Шараповго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү, жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |