Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №8
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө “Кайди” алтын ылгоочу ЖЧК комбинаты тарабынан, социалдык пакеттен бөлүнгөн акча каражатынын 2025-жылга карата калган калдыгын бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Сейдановдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 2024-жылга карата “Кайди” алтын ылгоочу ЖЧК комбинаты тарабынан, социалдык пакеттен бөлүнгөн акча каражатынын 2025-жылга карата калган калдыгын бөлүштүрүү боюнча долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 4-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 2024-жылга карата “Кайди” алтын ылгоочу ЖЧК комбинаты тарабынан, социалдык пакеттен бөлүнгөн акча каражатынан калган калдык 60 956 сом акча каражаты 2025-жылдын бюджетине өткөрүлүп берилсин жана төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.
Дароот-Коргон айылындагы спорт комплекстин от казанын алмаштыруудагы эски карызын төлөөгө 60 956 сом
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Төрага |
С.Мойдунов |