Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №9
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын 2024-жылдагы атайын каражаттарынан калган калдыктарды бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Сейдановдун Чон-Алай айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын 2024-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынан калган акча каражатын 2025-жылдын бюджетине өткөрүү жана кайра бекитүү жөнүндөгү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 4-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын 2024-жылдагы атайын каражатынан калган 386 586 сом акча каражаты 2025-жылдын бюджетине өткөрүлүп төмөнкүдөй жумшалсын.
-Бала бакчалардагы балдардын тамак ашы үчүн 386 586 сом
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |