Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №10
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы турак жай имараттары жана жайлары үчүн ставкалардын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 17-февралындагы № 9858 сандуу турак имараттары жана жайлары үчүн ставкалардын өлчөмдөрүн бекитүү тапшырмасын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 4-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы турак имараттары жана жайлары үчүн ставкалардын өлчөмү, тактап айтканда жашоо аянты 330 чарчы метрден ашкан 1 чарчы метр үчүн 10 сомдон болуп бекитилсин.
2.Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жергиликтүү тургундарга жогоруда белгиленген сумма боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Куловго жана айыл өкмөттүн коомдук коопсуздук жана кирешелер боюнча башкы адис Ө.Наримбаевке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С.Мойдунов |