Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-февралы №11
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдар боюнча таштанды салыгын бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Сейдановдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдар боюнча таштанды салыктарын бекитип берүү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 4-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы физикалык жактарга таштанды салыгы 2025-жыл үчүн 80 сомдон ал эми юридикалык жактарга 100 сомдон болуп бекитилсин.
2.Таштанды салыгын физикалык жана юридикалык жактарга 2025-жылдын 1-майына чейин отчетун берүү жана төлөмүн жылдын 1-сентябрынан кечиктирилбестен төлөөлөрү белгиленсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Төрага |
С.Мойдунов |