Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2024-жылдын 31-июлу, № 7/2
Жергиликтүү бюджеттин максаттуу пайдаланышынын жана киреше бөлүгүн толтуруу максатында айыл өкмөтүнүн салыктын түрлөрүнөн жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдө түшүүчү ижара акыларынын өндүрүлүшүнүн абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3- главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2) жана 4) пунктчаларына ылайык Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин максаттуу пайдаланышынын жана киреше бөлүгүн толтуруу максатында айыл өкмөтүнүн салыктын түрлөрүнөн жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдө түшүүчү ижара акыларынын өндүрүлүшү боюнча аткарган иштери «канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Жергиликтүү бюджеттин максаттуу пайдаланышынын жана киреше бөлүгүн толтуруу максатында айыл өкмөтүнүн салыктын түрлөрүнөн жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдө түшүүчү ижара акыларынын өндүрүлүшү боюнча иштердин кемчиликтерин жоюу айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | А.Танаев |