Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 27-декабры №2/2
Кара –Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Депутаттардын Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешине айыл аймагындагы мекеме-уюмдардын эмгек жамааттарынан жана айылдардагы элдик жыйындардан Кара –Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча келип түшкөн 2024-жылдын 13-декабрындагы Р.Сатыбаев көчөсүнүн жашоочуларынын, 2024-жылдын 14-декабрындагы А.Осмонов атындагы орто мектебинин эмгек жамаатынын жана Каманчы участкасынын жашоочуларынын чогулушунун протоколдорун карап көрүп, угуп жана талкуулап, Депутаттардын Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы мекемелердин эмгек жамааттарынан жана айылдардын элдик жыйындарынан көрсөтүлгөн жогорудагы протоколдору бекитилсин.
2. Ылай-Талаа айыл аймагынан Кара –Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине сунуш кылынган төмөндөгү талапкерлерди Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
Төрага |
А.Мойдунов |