Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 27-декабры №2/3
Ылай-Талаа айыл аймагынын 2024-2027-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 1-главасынын 17-беренесине ылайык Ылай-Талаа айыл аймагынын 2024-2027-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планын иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Ылай-Талаа айыл аймагынын 2024-2027-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планы бекитилсин жана аткарууга алынсын.
2. Стратегиялык планда камтылган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага |
А.Мойдунов |