Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2024-жылдын 31-июлу, № 7/3
Айыл өкмөтүндөгү маданият кызматкерлеринин жана китепканачылардын элдик
көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүүнү уюштуруу, балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чарасын жүзөгө ашырууну уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 2-главасынын 27-беренесинин 13- пунктунун жана 3-главасынын 34-беренесине ылайык Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү маданият кызматкерлеринин жана китепканачылардын элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү уюштуруу, балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чарасын жүзөгө ашырууну уюштуруу боюнча аткарган иштери “канааттандырарлык “деп табылсын.
2. Маданият кызматкерлеринин жана китепканачылардын элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү уюштуруу, балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чарасын жүзөгө ашырууну уюштуруу боюнча иштердин кемчиликтерин жоюу айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | А.Танаев |