Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2024-жылдын 31-июлу, № 7/4
Тилектеш айыл аймагында жайгашкан эмканаларынын кызматкерлеринин элди тейлөөдөгү иштеринин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тилектеш айыл аймагында жайгашкан эмканаларынын кызматкерлеринин элди тейлөөдөгү иштеринин абалы боюнча аткарган иштери “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Тилектеш айыл аймагында жайгашкан эмканаларынын кызматкерлеринин элди тейлөөдөгү иштеринин абалы боюнча аткарган иштердин кемчиликтерин жоюу айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | А.Танаев |