Редакцияот 08.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 6-сессиясы

 

2025-жылдын 8-августу №6/1

Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2 –пунктуна жана Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Жолдошованын маалыматын, Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:           

1. Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылы бекитилген бюджетине зарылчылык келип чыккандыгына байланыштуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

2. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик планына киргизип берүү жагы КРФМ Кара-Кулжа каржы башкармалыгынан суралсын.

3. Бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө тиешелүү документтерди даярдап райондук каржы башкармалыгына тапшыруу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жолдошовага милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Кадыркулов) тапшырылсын

 

 

 

 

 

 

Төрага

 

А.Мойдунов