Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2024-жылдын 31-июлу, № 7/5
Айыл өкмөттүн Тогуз-Булак айылындагы “Маданий борбору” Кайрымдуулук мекемесине жер аянтын чектеп берүү жөнүндө
Тогуз-Булак айылындагы мечиттин имамы Маматкеримов Абазбектин айылдык мечиттин алдындагы “Маданий борбору” Кайрымдуулук мекемесине жер бөлүп берүү тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылындагы Тогуз-Булак мечитинин 3985,00 чарчы метр жер аянтынын ичинен, мечиттин алдындагы “Маданий борбору” Кайрымдуулук мекемесине 2803,00 чарчы метр жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. “Маданий борбору” Кайрымдуулук мекемесине тийиштүү иш кагаздарын даярдап,Жер ресурстары, Кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин Алай филиалынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Тогуз-Булак мечитинин имамы А.Маматкеримовго жана айыл өкмөттүн жер адиси А.Ысаковго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге, ал эми көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик, жер маселеси, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана жеке өз көзөмөлүмө калтырамын.
Төрага: | А.Танаев |