Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2024-жылдын 31-июлу, № 7/6
Айыл өкмөттүн Корул жана Жошолу аймактарына “Беккера” чуңкуруна жана таштанды таштоочу жайды уюштурууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн жер адиси Ысаков Алайбектин айыл өкмөттүн Жошолу аймагынын Миязды айылында “Беккера” чуңкурун жана таштанды таштоочу жайды уюштурууга жер тилкесин бөлүп берүү тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөттүн Миязды айылынын Караган-Сай участкасынан 0,30 га жайыт жеринен “Беккера” чуңкурун жана таштанды таштоочу жайды уюштурууга жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2.Бөлүнүп берилген жерлерге “Беккера” чуңкуруна жана таштанды таштоочу жайга тиешелүү иш кагаздарын даярдап, тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүү, алардын чыгарган корутундусу менен мыйзам чегинде иш алып баруу айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге, ал эми көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик, жер маселеси , агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына калтырылсын.
Төрага: | А.Танаев |