Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2024-жылдын 31-июлу, № 7/7
Айыл өкмөттүн Жаңы-Турмуш айылынын Калама участкасындагы сугат суу өтүүчү каналды райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн коммуналдык чарбалар жана ирригация боюнча адиси Умаров Дайырбектин айыл өкмөттүн Жаңы-Турмуш айылынын Калама участкасындагы сугат суу өтүүчү каналды райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүү тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн Жаңы-Турмуш айылынын Калама участкасындагы 2800 метр сугат суу өтүүчү канал райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүлүп берилсин.
2.Сугат суу өтүүчү каналдын райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүү үчүн талап кылынган иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөттүн коммуналдык чарбалар жана ирригация боюнча адиси Умаров Дайырбекке милдеттендирилсин.
3.Райондук суу чарба башкармалыгынан Калама участкасындагы сугат суу өтүүчү каналды өткөрүп алуу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, калкка кызмат кылууга даярдоосу суралсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге, ал эми көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик, жер маселеси , агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына калтырылсын.
Төрага: | А.Танаев |