Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2024-жылдын 31-июлу, № 7/8
Тилектеш айыл аймагында калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо багытында “Тунук-Булак- таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасын уюштуруу жөнүндө
Муниципалдык ишканаларды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Жарандык кодекстин 230-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7- февралындагы №52 токтому менен бекитилген “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” Убактылуу жобого ылайык Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тилектеш айыл аймагында калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо багытында “Тунук-Булак таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасы уюштурулсун.
Муниципалдык ишкананын жол-жобосун жүзөгө ашыруу үчүн:
- айыл өкмөт башчысынын орун басары-жооптуу катчы жана коммуналдык чарба боюнча адис Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык муниципалдык ишканаларды түзүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзсүн;
- мурдагы “Пакиза-Суу” жана “Арал” ИСКАКБларынын жана жайыт комитетинин карамагындагы турган бардык техникалык каражаттар өткөрүлүп алынсын.
2.“Тунук-Булак - таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчисине укук улантуучусу катары: кыска мөөнөттө муниципалдык ишкананы түзүү жөнүндө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош облустук юстиция башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын
Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан тиешелүү иш кагаздарды бүтүрүүнү колго алсын;
- муниципалдык ишканага жумушчуларды тартууну, курамын түзүүнү уюштурсун;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган зарыл иш-чараларды жүргүзсүн.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары – жооптуу катчы, башкы эсепчи жана коммуналдык чарба адиси мурдагы жайыт комитетинин чарбалык карамагында турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн, материалдык жана материалдык эмес активдерди, пассивдерди, финансылык каражаттарды мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүп айыл өкмөтүнүн балансына берүүнү уюштурсун.
4.Ушул токтом менен көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтар анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда тиешелүү мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: | А.Танаев |