Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2024-жылдын 31-июлу, № 7/10
Айыл өкмөттүн аймагындагы бардык мечиттерде таза сууну акысыз пайдалануу жөнүндө
Корул аймагынын депутаттарынын жана айыл тургундарынын айыл аймагындагы мечиттердин таза суусун акысыз пайдаланууга берүү тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөттүн аймагындагы бардык мечиттерде пайдаланылган таза сууну акысыз пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн аймагындагы “Тунук-Булак- таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасына, ал эми көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Танаев |