Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2024-жылдын 31-июлу, № 7/13
Мектепке чейинки мекемелерде балдардын тамак-ашы үчүн бюджеттен төлөнүп жаткан акча каражаттарын ата-энелерге жүктөө жөнүндө
Айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин ата-энелер комитеттеринин жыйындарынын протоколунун жана 2023-жылдын 11-августундагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндөгү №179 Мыйзамынын негизинде Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 11-августундагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндөгү №179 Мыйзамынын 7-главасынын 26-беренесинин 7-пунктуна, 28-беренесинин 4-пунктунун 4-подпунктуна жана айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин ата-энелер комитеттеринин жыйындарынын протоколуна ылайык айыл аймагындагы бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдардын тамак-ашы үчүн акча каражатын төлөө ата-энелерге жүктөлсүн.
2. Ата-энелер жыйындарынын протоколдорунда чечилген балдардын тамак-ашы үчүн белгиленген төлөмдөрдү өз учурунда топтоп, балдарды керектүү тамак-аш менен талаптагыдай камсыздоо ар бир мектепке чейинки билим берүүчү мекеменин башчыларына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысына жана айылдык кеңештин билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Танаев |