Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 9-августу №2/1
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда жана таштандыларды ташып чыгууда Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Ылай-Талаа таза суу жана тазалык” МИнын жүргүзүп жаткан иштери жана анын элге кызмат көрсөтүү тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык айыл аймагындагы айылдардын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда жана таштандыларды ташып чыгууда Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Ылай-Талаа таза суу жана тазалык” МИ тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча анын жетекчиси Б.Коңурбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Айыл аймагындагы айылдардын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда жана таштандыларды ташып чыгууда айыл өкмөтүнүн, “Ылай-Талаа таза суу жана тазалык” МИ тарабынан жүргүзүп жаткан иштери айрым кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. “Ылай-Талаа таза суу жана тазалык” МИнын элге кызмат көрсөтүү тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- ичүүчү таза сууга айына ар бир кожолуктан – 100 сомдон, үйгө киргизип алгандар 200 сомдон ;
- катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга айына ар бир кожолуктан – 100 сомдон;
- айыл өкмөтүнүн бюджетинен кошумча 700,0 мин сом бөлүнүп берилсин.
3. Ылай-Талаа айыл аймагындагы тургундарды ичүүчү таза суу, алардын үлүш жерлерин сугат суулары менен камсыз кылууда жана айылдардан таштандыларды ташып чыгууда белгиленип кеткен кемчилдиктерди тез арада жоюу менен бирге суу пайдаланган абоненттердин картасын, графигин иштеп чыгуу, ишке кирген "Тар" насостук станциясы аркылуу сугат сезонунда суунун көлөмүн көбөйтүп суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, суу лотокторуна көзөмөлдү күчөтүү, таштанды полигонун талаптагыдай абалына келтирүү, абоненттерден бекитилген тариф боюнча чогулган каражаттар боюнча максаттуу иш алып баруу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге жана “Ылай-Талаа таза суу жана тазалык” МИнын жетекчиси Б.Коңурбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы (төрагасы С.Арзиев) тапшырылсын.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык айыл аймагындагы айылдардын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда жана таштандыларды ташып чыгууда Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Ылай-Талаа таза суу жана тазалык” МИ тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча анын жетекчиси Б.Коңурбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Айыл аймагындагы айылдардын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда жана таштандыларды ташып чыгууда айыл өкмөтүнүн, “Ылай-Талаа таза суу жана тазалык” МИ тарабынан жүргүзүп жаткан иштери айрым кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. “Ылай-Талаа таза суу жана тазалык” МИнын элге кызмат көрсөтүү тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- ичүүчү таза сууга айына ар бир кожолуктан – 100 сомдон, үйгө киргизип алгандар 200 сомдон ;
- катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга айына ар бир кожолуктан – 100 сомдон;
- айыл өкмөтүнүн бюджетинен кошумча 700,0 мин сом бөлүнүп берилсин.
3. Ылай-Талаа айыл аймагындагы тургундарды ичүүчү таза суу, алардын үлүш жерлерин сугат суулары менен камсыз кылууда жана айылдардан таштандыларды ташып чыгууда белгиленип кеткен кемчилдиктерди тез арада жоюу менен бирге суу пайдаланган абоненттердин картасын, графигин иштеп чыгуу, ишке кирген "Тар" насостук станциясы аркылуу сугат сезонунда суунун көлөмүн көбөйтүп суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, суу лотокторуна көзөмөлдү күчөтүү, таштанды полигонун талаптагыдай абалына келтирүү, абоненттерден бекитилген тариф боюнча чогулган каражаттар боюнча максаттуу иш алып баруу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге жана “Ылай-Талаа таза суу жана тазалык” МИнын жетекчиси Б.Коңурбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы (төрагасы С.Арзиев) тапшырылсын.
Төрага |
А.Кадыркулов |